www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык ишкердик кеңешинин төрагасы менен маек. Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 миллион доллар инвестиция кирип, 483 миллион доллар чыгып кеткен. Министрлер кабинети өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн баардык шарттарды түзүп, салык саясатын ачык-айкын жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Ишкерлер өлкөдө сот системасы көз карандысыз болмоюнча бизнес чет жакка агыла берерин бир ооздон белгилейт.

- Инвестициянын өлкөдөн чыгышына негиз болгон кандай себептер бар?

- Өлкөдөгү жалпы эле саясый экономикалык туруктуулук таасир этет. Андан кийин коррупция, ишкерлерге болгон басым-кысым жана коопсуздук. “Менин мүлкүмө кол салынышы мүмкүн” деген ишкерлер капиталын сыртка алып чыгат. Бул чет жактан келген эле инвесторлорго тийешелүү эмес. Биздин тааныштар, туугантуушкандарыбыз деле “бизнесибизди Казакстанга, Түркияга, Араб өлкөлөрүнө алып кетип атабыз” деп айтып калышат. Себеби, акчанын улуту жок. Кайсы жерде туруктуулук болсо, оюндун эрежеси так аныкталса, ошол жерге кете берет. Бирок шарттарды жакшыртып, чыгып кеткен каражатты кайра кайтарып алганга да мүмкүнчүлүк бар.

Булак: Азия News гезити

Последние новости