www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи укуктук жоопкерчиликти сезбеген, же карганын көзүн карга чукубайт болгон мыйзамсыздык көрүнүштөр, тандалма өң карама саясат биздин өлкөдө эле барбы, же башкаларда деле биздикиндей башаламандык барбы?
Дегенибиз, коррупцияга айыпталып суу кечип Америкага качып кеткен Аскар Шадиевдин Кыргызстанга ээн-эркин кирип-чыгып жүргөнү тууралуу имиштер акыркы учурларда арбын айтылып жатат. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегенди эске алсак, мындай сөздөр бекеринен чыккан жок.
Дал ушундай имиштерден соң, Аскарбек Шадиевге мыйзамсыз баюуга жана арам акчаны адалдоого көмөктөшкөн деп айыпталган орусиялык ишкер Вячеслав Дуплищевдин айланасындагы кырдаал кайрадан коомчулуктун көңүл чордонуна айланды. Анткени Шадиев аталган ишкерге сатып жиберген делген «Ала-Арча» соода комплексин кайрадан талашып, өзүнө алуу аракетин көрүп жатканы тууралуу социалдык тармактарда талкууланып жаткан пикирлер жөн жеринен эместиги шек жаратууда. Мындай факторлор өлкөнүн бизнес жана инвестициялык климаты үчүн сокку болоору турган иш.
Андыктан, Шадиевдин айланасындагы бүдөмүк иштер ачык-айкын иликтенип укуктук баасын албаса, «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» болуп, бул мыйзамды көзгө илбей кызарган жерге мурдун тыкканын токтото турган эмес.
Булак: NazarNews.kg