www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы буудайдын кору брондолгон. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 78 миң тонна буудай бар болчу, анын 15 миң тоннасын министрлик ээлеп койгон.

--"Данды ун кылып тартып, аймактарга жеткирип жатабыз. Мындай иш-аракеттер бааны турукташтыруу максатында жасалууда", — деди министр.

Жаныбеков учурда ун, буудай боюнча көйгөй жок экенин кошумчалады.

Министр белгилегендей, өлкөдө калкты өсүмдүк майы, кумшекер жана буудай менен камсыз кылуу көйгөйү бар. Мындан улам Кыргызстан жылына 300 миң тонна буудай менен 90 миң тонна унду сатып алат.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости