www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйыкандарды, фермерлерди кыйнап бүтүрдү. Эки жылдан бери министр болуп иштеп жатат, эмне кылып жатканын түшүнүп болбойт.
Өзбекстандан сатылып келген селитра, жер семирткичтер дыйкандарга берилбей, мөөнөтү өтүп кетип жараксыз болуп, бюджетке бир миллиард сомдон ашык зыян келтирилгени канча ирээт коомчулукта талкууланып, айтылып, жазылды.
Ал аз келгенсип мамлекет дыйкандар менен фермерлерге арзан пайыз менен берилип жаткан насыялар даректүү жетпей жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып, маселе көтөрүштү. Бийлик маани берип, чара көрүүнү ойлогон жок. Иштен алынат болуп, бирок ошол бойдон ордунан козголбой, кылы кыйшайбай келет.
Кыскасы, сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн президенттин жападан жалгыз "көзүрүнө" айланды. Ишмердүүлүгү күмөндүү бир топ аткаминерлерди камакка алып, кустуруп жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Аскарбек Жаныбековго келгенде эле "тиши" өтпөй койду.
Мына учурда ирригация маселеси жөнгө салынбай, дыйкандар сууга жетпей, түшүмдөн куржалак калмай болдук дешип ыйлап жатышат. Айрымдар, суунун баары эле Казакстанга кетип жатат, бизде суу жок деп нааразы...
Министр болсо, 1985-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Чүй облусунун суу ресурстарын биргелешип пайдалануу келишимине кол коюлган”,- деп билдирип, Кыргызстан суулардын 42%ын Казакстанга берүүгө, ал эми 58%ын өзүнө калтырууга милдеттеме алганбыз, аны аткарышыбыз керек деп алакан жайып отурат.
Арийне, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиле, милдеттеме сакталыш керек. Бирок өзүбүздүн дыйыкандарга максималдуу шарттар түзүлүп, суу менен камсыз болушу зарыл эмеспи...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg