www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарматова мындан да катуу сынга арзый турган депутат. Бул тууралуу «Медиахабдын» негиздөөчүсү Али Токтакунов Фейсбук баракчасында билдирди.

«Бүгүн ЖК жыйынында депутат Надира Нарматова биздин журналист Асель Шамилованы сотко берем деп чамынып чыкты. Ал кечээ жарыялаган видеобузга катуу чычалап атат. Мен командировкада элем, Нарматовага байланыштуу фактчек дагы жумшагыраак болуп калыптыр. Мындан да катуу сынга арзый турган депутат өзү. Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз. Ууру-жемкорлорду, аларды мактап табакташ болгондорду, элди соргон мителерди безге сая бериш керек. Ал үчүн соттошуунун өзү сыймык», - деп жазды Токтакунов.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бүгүн, 15-июнда “МедиаХабдын” журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирген. Айтымында журналист анын кадыр-баркына шек келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости