www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте шаар тургуну үйүнүн бакчасында кара куурай өстүрүп жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан 13-июнда Бишкектин Ч.Б. аттуу тургунунун (аял киши) үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай табылган.
«Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык, баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 кг болду. Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
УКМК курамында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү кылмыш болуп саналарын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.
Булак: NazarNews.kg