www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УТРК - өмүр жолумдун бир бөлүгү. Мындай пикирин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, мындан туура 19 жыл мурун, 2006-жылдын аягында “Биринчи радиого” стажировкага барып, адис катары колуна микрофон кармап, толкундануу менен алгачкы материалын обого алып чыкканы эсинде.

"Дал ушул УТРКнын имаратында сүйгөн кесибимдин ар кыл сырларын ача баштагам. Журналистиканын бийик жоопкерчилигин аңдап-түшүнүү менен чыныгы кесиптик турмушка кадам таштаган элем. 

2007-жылдан тарта эмгек жолум расмий башталып, алгач радио, андан кийин телекөрсөтүү айдыңында кагылып-согулуп, бышып-жетилдим. 

Мына ошондуктанбы, айтор, бул имарат мен үчүн жөн гана иш орду эмес, алгачкы толкунданууларымдын, изденүүлөрүмдүн, биринчи түз эфирлеримдин күбөсү болгон, журналисттик кесипке сүйүүмдү ойготкон куттуу жай болуп сезилет. 

Журналистикага кулач урган жаш адис катары ушул куттуу жерден келечекке багыт алдым.

Бүгүн Кыргыз телерадиоберүү компаниясынын имараты жаңыланып, жаркырап турганын көрүп өзгөчө кубандым. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылы УТРК заманбап техникалар менен жабдылганы турат. 

Мен сыяктуу канчалаган жаш адистерди өстүрүп, эң башкысы, кандай гана шарттар болбосун өз кесибин сүйгөн, ишине берилген кесипкөйлөрдү тарбиялап чыгарып келаткан Кыргыз телерадиоберүүсүнүн эфири тунук болуп, үнү өчпөй келет. 

Канчалаган мыкты-мыкты кесиптештерим дал ушул жерден тапталып чыгып, туш-тарапка даяр адис катары ордун табышкан.

УТРК эфирлери жеке эле жаңылыктарды жаңыртуу менен чектелбестен, мамлекеттик саясатты жүргүзүп, элдин кызыкчылыгына кызмат кылуу милдетин үзгүлтүксүз аткарып келет. 

Ошондой эле УТРК “Маданият”, “Спорт”, “Баластан”, “Музыка”, “Кыргыз радиосу” каналдары аркылуу улуттук өзөк болгон уңгужолго байланыштуу руханий баалуулуктарды толтура турган ар кыл темалары менен элдин кызматында.

Эфирден көрүнбөгөн, бирок эфирдин даярдалышындагы түмөн түйшүк менен алектенип келаткан кесиптештердин мээнетин айта кетпесем болбос. 

Рейтингдин, же пайданын артынан кууп кетпестен, популярдуу болбосо да улут үчүн зарыл контентти даярдаган кесиптештерибиздин эмгеги — чыныгы кесипкөйлүктүн, чыдамкайлыктын үлгүсү. 

Азыркы ааламдашуу жана рыноктук шартта бардык эле телерадио мекемелери бул багытка эфирдик убакыт бөлө беришпейт. Бул темаларды чагылдырган күндө да, бир-эки жолу гана көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ал эми УТРК элибизге руханий азык болуп, элибиздин эртеңки күнүнө кам көрө турган долбоорлорду тартып келатканын баса белгилеп кетейин.

Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшкөн маалда жаңырган имараттын ичинде жаңы идеялары, жаңы демилгелери менен жаңы муун өсүп чыгып келатканына сүйүнөм жана мындан ары да калың эл калтырбай көрө турган мыкты-мыкты долбоорлорду даярдап чыккан кесипкөй, өз кесибин сүйгөн, мекенчил адистер чыга тургандыгына бөркүмдөй ишенем. 

Бир кезде ушул жерден канат кагып чыккан адис катары бүгүн мен чын жүрөктөн сүйүнүп турам. Бул имарат - өмүр жолумдун бир бөлүгү.

Өмүрүн ушул мекемеге арнаган улуу муундагы устаттарыма терең ыраазычылык билдирем. 

Учурда түйшүктүү ишибизди талыкпай аркалап жүргөн кесиптештериме жаратмандык дем, чыгармачылык ийгилик каалайм. 

Байкалбаганы менен сиздер жаңы тарых жазып жатасыздар. Сиздердин бардык жетишкендигиңиздер — мен үчүн ар дайым сыймык!

Кыргыз телерадиоберүүсүнүн эфири эч качан өчпөсүн!", - деди Алагозов.

Последние новости