www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскер курулуштагы «афера»

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Аскер курулуш» ишканасы афера менен алектенип келеби? Мамлекет тарабынан каржыланган бул ишкана банкрот алдында, себеби техникаларын ижарага берип, кызматкерлерине айлык маянасын бере албай келет. Бул тууралуу жарым жылдан бери эмгек акысын ала албай жүргөн «подрядчиктер» даттанууда. «Аскер курулуш» ишканасынын гендиректору Майсалбек Абралиев аларды алдап сүт эмгизип, ишкананын кашасын чыгарып жаткан кези экен.

Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылы мамлекетке 12 000 000 сом зыян келтирди деп бул ишкананын башкы кызматкерлерине кылмыш иши козголду эле андан деле майнап чыкпаптыр. Мына ушундай эле көрүнүштөр дагы деле уланып жатканын ишканын кызматкерлери айтышууда. Курулуш стандартына ылайык келбеген арзан арматураларды алышып, анысы текшерүүдөн билинип калган. Бул кылмыштын бетин жабуу үчүн «Аскер курулуштун» директору Майсалбек Абралиев башка курулушка жумшала турган каражатка жаңы арматура алып кутулат. Анын кесепетинен аскер кызматкерлерине курула турган жаңы үйлөр башталбай, башталса аягына чыкпай токтоп калды.

«Аскер курулуш» ишканасынын директору менен Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Тердикбаев Эрлис менен табакташ болуп экөө аскерий курулуштардын ашмалтайын чыгарып, мамлекеттик казынага миллиондогон сом зыян келтирген. Ар кандай махинациялык, жасалма жолдор менен мамлекет «Аскер курулушка» 177 000 000 сом карыз болуп чыгат. Болбосо «Аскер курулуш» ишканасы мамлекттен алган буйрутмаларын куруп бүтөй жатып бюджеттен акча доолаганы кандай?

Мына ушинтип мамлекетти карызга батырып жаткан «элиталар» менен ким күрөшөт?! Өкмөт башчы да бул тууралуу кабардар, бирок азырынча көңүл бурбай келет. Балким Мухаммедкалый Абулгазиев бул маселеге көз жумум кою үчүн алардан бир нерсе үмтөтүп жатса керек. Бюджеттин ар кайсы тарабынан тешик таап алып, жырткычтай эле жеп жатканын угуп алып таң бересиң.

Кийинки санда «Аскер курулуш» менен Коргоо министрлиги Америка таштап кеткен базаны кантип талап тоногону тууралуу сөз болот. Урматтуу коомчулук көңүл буруп бөлүшүп койгулачы, буларга прокуратура чара көрсүн.

Булак: “Элита”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости