www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскер прокуратурасы «Апрель ТВ» телеканалынын эфирге кайрадан чыгышына уруксат берген сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу маалымат 5-февралда телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, бул арыз карала турган жарандык процесс боюнча соттук отурум 25-февралга белгиленди.

Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын «Санарип технологиялар» жана «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы экономикалык доосун карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Райондук соттун бул чечими менен «Апрель ТВ» кайрадан эфирге чыгууга расмий түрдө уруксат алганы кабарланган.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган «Апрель ТВ» телеканалынын эфири 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында аны кармоо операциясы жүрүп жатканда өчүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости