www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскерге чакырылган жоокерди өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин жеткирген деп шектелген кароолдун башчысы, прапорщик А.К., эки айга камакка алынган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Шектүү прапорщик Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында кармалат.
Аталган окуянын айрым жагдайлары тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирген.
"Айрым маалыматтарга караганда, аскерге чакырылган жоокер курал менен кайтарууда туруп, дайынсыз жоголгон. 19 жаштагы жигит табылганда ал алгач асманга, андан соң чекесине ок чыгарган. Окуя Аскердик институттун аймагында болгон. Туугандарынын айтымында, жигит алардан бир нече жолу акча сураган. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Аскердик институтта аскерге чакырылган 19 жаштагы жоокер өзүн атып алган. Ал Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Бул факты боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» жана «Кароолдук кызматтын тартибин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: NazarNews.kg