www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жыл өттү. Бул программа эмне болду?

Президент Садыр Жапаров 2020-жылы бийликке келгенде сыртта жүргөн мигранттарды өлкөгө кайтаруу боюнча программасы бар экенин билдирген.

«Бизде чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарын кайтаруу боюнча программа бар. Бирок ал бир-эки айга эмес, 1,5-2 жылга эсептелген», - деп билдирген Президент, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына берген маегинде.

«Коррупция жок өлкөдө экономика сөзсүз өсөт. Жеке чөнтөккө түшкөн акча бюджетке түшөт. Бул бир айдын ичинде эле өз жыйынтыгын берет... Ли Куан Ю Сингапурдун экс-премьер-министри: Эгер өлкөнү туура эмес башкарсаң, билимдүү адамдар өлкөдөн чыгып кетишет. Өлкөнү таштап кеткен эки миллион мигранттын арасында чоң компанияларда иштеген билимдүү адамдар көп. Аларга кайрылып, мындан ары мамлекетибизде акарат кылуу жолу менен кызматка дайындалбайт деп айтам. Мындан улам билимдүү жаштарыбыз мамлекеттик башкарууда иштей албай, аргасыздан кетүүгө мажбур болуп жатышат», - деген Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости