www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу катары тааныштырылган Эрмек Нургазиев кайра кызматтан алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Албетте, таза, жаш, идеалдуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», — деп жазган.

Маалым болгондой, Эрмек Нургазиев бүгүн мэриянын кызматкерлери менен таанышып, маалымат жыйын өткөргөн эле.

Андан көп өтпөй эле митингдин артынан кызматка секирген Асхат Осмонов, «Достор, «че та» окшошпой жатат го бул жагы. Кайра эле өзүм мэрликке барат окшойм же Нариманды каалайсыңарбы?”, деген пикирин соцтармагына жазып чыкты.

Ага жооп катары Mirbek Mamatkasym: -Жакшы күлүк кийин чабат. Сен 4-5 жыл шаар чарбасын үйрөнүп тажрыйба топто. Этап-этап менен өсүп, карьера жасай бер. Бөлүмдү жетекте, муниципалдык мекемеге башчы бол, шаардагы райондун бирин башкар, вице-мэр бол, анан мэр болууга даяр болосуң.

Журналист Зарылбек Шермаматов: -Бишкек шаарынын мэрлиги Кыргызстандагы 3-чү чоң кызмат. Бул кызмат ордуна саясий, коомдук тажрыйбасы бар кишинин келгени жакшы. Балбак байкени кетирээрден мурун, мэрге татыктууларды дыккат иликтеп талдап, анан сунуш кылыш керек да. Эртеменен дайындап, кайра түштө алып койгудай Бабановдун ат сарайына саяпкер дайындап жаткан жоксуңар да. Садыр Нургожоевич кызматтан алып салып абдан туура кылды. Анан президент шайлоодон мурун "ар бир кадр, ачык конкурс менен тандалып алынат"-деген убадасын унутпоого тийиш. Болбосо мындай бардак боло берсе президенттин эл арасындагы кадыры 3 % га түшүп калышы мүмкүн. Мындай чоң саясий кызматка таасирдүү бир адам жетелеп келбесе, жөн адам келип отура албайт. Кадр сүрөгөндө дагы абийир, намысты биринчи орунга койгон жакшы. Экономикабыз какжарып, жыртыгыбыз бүтөлбөй жатканда ар бир чечимге аяр мамиле жасалышы керек. Азыр Жапаровдун жанында жүргөндөр кандай кемчилик кетирсе дагы таяк президенттин башына тийет. 6,5 миллион элдин убалын ойлогула, дейт Зарылбек Шермаматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости