www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга дагы 4 тонна гуманитардык жардам келди

Улуу Британиянын элчилиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 4 тонна медициналык жүк тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пандемия Улуу Британия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтык ийкемдүү жана көп тараптуу экендигин көрсөттү.

"Бүгүн биз Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Бүткүл дүйнөлүк сламатыкты сактоо уюму менен биргеликте Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 4 тонна медициналык жүктү тапшырдык. Гуманитардык жардам катары дары-драмектер, глюкометрлер, өпкөнү дем алдыруучу аппараттар келди. Жүктүн жалпы суммасы 260 мин долларды түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргыз мамлекети COVAX механизминин мүчөсү катары британиялык-шведдик фармацевтикалык "Astrazeneca" компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан жарым миллиондон ашык дозада вакцина ала алаарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости