www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата мекендик «Asman Airlines» авиакомпаниясы өлкө тарыхында алгачкы ирет түштүк жана түндүк аймактарды түз байланыштырган жаңы авиакаттамды ишке киргизерин жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 16-июлунан тарта Баткен — Тамчы — Баткен багыты боюнча туруктуу каттамдар аткарыла баштайт. Бул каттам Баткен облусун Ысык-Көл жээги менен түз аба аркылуу байланыштырат.
Жаңы каттамдын ачылышы менен түштүк аймактын тургундары көп сааттык жол жүрбөстөн, болжол менен бир саат ичинде Ысык-Көлгө жете алышат. Компания бул эс алуу жана ички туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.
Расмий графикке ылайык, каттамдар жума сайын бейшемби күндөрү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Бул жүргүнчүлөргө келген күнү эле эс алууну баштоого мүмкүнчүлүк берет.
Билеттин базалык баасы 6 500 сомдон башталат. Компания белгилегендей, билеттерди кошумча комиссиясыз расмий сайт жана мобилдик тиркеме аркылуу гана сатып алууга болот.