www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртуран Разаков аттуу жаран Бишкектен Ошко багыт алган “Asman Airlines” компаниясынын учагында кычкылтек жетишсиз болуп, салондо дүрбөлөң чыккан окуя тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, 16-апрелде саат 18:10до учкан учакта болжол менен 25 адам болгон, алардын арасында төрт кичинекей бала да бар эле. Социалдык тармактагы колдонуучу учуу учурунда кычкылтек жетишсиз болуп, дароо дүрбөлөң башталганын айтат.
- Көптөгөн чоң кишилер шок абалга түшүп калды. Кичинекей балдар эсин жогото баштады. Учакта жалпысынан төрт кычкылтек баллону болгон. Алардын бири иштебей калган. Көрүнгөндөй, ал толтурулбай калган. Баллондор да узак убакыттан бери текшерүүдөн өтпөй тургандай көрүнөт. Андан сырткары башка адамдар да кычкылтеке муктаж эле эч нерсе кыла албадык. Эми элестеткиле учакта бардык орундуктарда толо адам болгондо же 10дой ымыркай болгондо кантмекпиз? Кычкылтек балонун кантип жеткизмекпиз. Техникалык медициналык кароодон өткөзүп, алдын алуу деген барбы бизде. Же сөзсүз бир экөө өлгөндөн кийин гана кыймылдап баштайбызбы???, - деп жазган Разаков.
Окуя болжол менен он мүнөткө созулуп, андан кийин жүргүнчүлөргө жөн гана кечирим суроо айтылган.
Ошол эле рейсте мурдагы депутат Надира Нарматова да болгон. Ал дарыгердин постунун астына ага аптечка берилбегенин жазган.
Ал эми "Кыргызстан аэропорттору" ААК жана Asman Airlines окуя иликтенип жатканы кабарланды.