www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров чукул арада эки жарым жылдан бери айтылып келе жаткан Асман шаарынын курулушуна капсула салына турганын билдирди. Долбоорун даярдап, эскизин чийгенге ушунча убакыт кетип калганын, шаарды чет өлкөлүк инвесторлор салаарын белгиледи. Арийне, бул кабарга сүйүнгөндөр дагы, тынчсызданып кооптонгондор дагы бар.
Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле демекчи, жакында курулушу башталат делген Асман шаарын салуу идеясы, коомдун көңүл чордонундагы жүрөк өйүткөн маселе болуп турат. Анткени, биосфералык аймак саналган касиет жылоологон, кереметтүү Ысык-Көлгө шаар салуу максатка ылайыктуубу дешип тынчсыздангандар өтө көп. Бирок, бийликтин кулак салаар түрү жок.
Негизи эле, жеке мен жаңы шаар салууга болгон карайлаган муктаждыкты көрбөй турам. Болгондо дагы Ысык-Көлгө... Эгер элибиздин саны көп болуп, Бишкек, Ош, же дагы башка шаарларга батпай жатса бир жөн болчу. Анан да Кыргызстандагы болгон экономикалык-социалдык көйгөйлөр чечилип, акчаны кайда сарптаарыбызды билбей, каражат ашып-ташып жатса дагы түшүнсөк болот эле. Тилекке каршы, айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат болгон курулай пиар, логикага сыйбаган утопия өкүм сүрүүдө.
Мына президент Садыр Жапаров "Асман шаарын курууга акча жок болгондуктан, чет элдик ири инвесторлор курат", - деди... Алар кимдер?
Элибиз "үйүндө бир ууртам айраны жок, баласынын аты Жууратбек" деп айткандай, төшөгүбүзгө карап бут сунсак жакшы болмок. Халва-халва деп кыйкыргандан оозубуз таттуу даамданбагандай, шаар салууга бир тыйын каражатыбыз жок болгон соң, анан керемет Ысык-Көлдүн жерин кертип, кытай, араб, индус деген өңдүү инвестор жыттангандарга шаар салдырган кимге кызык? Ал шаарга ким жашайт? Кыргыздарбы? Же кытай, араб, индус жана башкалар квартал-квартал кылып өздөрү үчүн салып жашаганы жатышабы?
Дегенибиз, инвестор деп - бул акчасын кандайдыр бир курулушка, өндүрүшкө салып, ага кеткен чыгымдарды эселеп кайтарып ала турган пайда көздөгөндөрдү айтат. Анан шаар салынса, социалдык объектилерди куруу, бала-бакча, мектеп, оорукана, мамлекеттик мекемелер, жол, суу, свет, канализация, байланыш түйүндөрү коммуникация деген сыяктуу инфраструктурага эмне деген гана миллиарддаган каражат сарпталат. Мунун баарына кеткен чыгым өндүрүш болбогон соң, кантип акталат? Үй сатып алчу миллион адам барбы? Кыргызстандын кайсы аймагынан ташып келет?
Асман шаарында 500 миңден 1 миллионго чейин адам жашайт деп жатышат. Азыр Ысык-Көл облусунда 489 миң калк жашайт экен. 500 миңге жетпейт. Анан жаңы шаарга кимдер жашайт?
Инвесторлор шаар салганга кеткен чыгымын баланча жылда пайда менен чыгарып алам дешип өз кызыкчылыгын көздөп келгендер болот. Демек, шаар салгандардын максаты кандай? Деги эле президент ачык айтпаган сырдуу инвесторлор кимдер?
Балким, калкынын саны көп, өз өлкөлөрүнө сыйбай, жер жетпей жаткан кытай, индус, пактар келип өздөрүнө микрорайон салып жашайбы? Же чөлдө жашап, бир тамчы сууга зар болгон арабдар келеби? Аларга Ысык-Көлдөгү мөңгүлөргө аттарын энчилеп берип жатканыбыз азбы? Ансыз да элибиз арабдашып, арабча кийинип, ысымдарын арабча коюшуп, жинди болуп жатат. Бизге ушул керекпи?
Деги эле Асман шаарын салып берчү инвесторлордун койгон шарты, талабы эмне? Эч кимге белгисиз. Бир жан билбейт. Алар ушул кыргызга боору ооруп, шаар салып берип коюп, жыргап-куунап жашай бергиле деп басып кетчүлөр бекен?.. Же касиеттүү көлүбүздөн көзү өтүп, кетпей отурукташып жашаганды максат кылып, өздөрү үчүн шаар салганы жатышкандарбы? Кийин кыргыз өзү өз жеринде Асман шаарына кире албагандай, кытай, араб, индустардын кварталдары пайда болбойбу? Суроолор көп, жооп жок.
Анын үстүнө Ысык-Көлгө калк көп жашаган шаар салуу канчалык маанилүү? Экономикалык, экологиялык жагынан караганда өлкө үчүн, элибиз үчүн пайдалуубу? Шаар салына турган аймак көлдүн жогору жагында жайгашып жатат. Миллиондогон элдин бок-сийдиги жердин алды менен саарыгып көлгө кошулбайт дегенге кепилдик барбы? Мына көлдүн айланасындагы эле пансионаттардан чыккан саркындыларды көзөмөлдөй албай жатабыз. Канча жылдан бери саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды курдура албай эсибиз ооп келет. Президенттин "саркынды тазалоочу курулмаларды курбаган пансионаттар жабылат" деп айтканы аткарылып, жылыш болдубу? Тоготкон жан барбы? Бир пансионат жабылдыбы? Анан кантип миллион адам жашаган шаардын саркынды суулары көлгө кошулбашына көзөмөл кылышат?
Андыктан, ата-бабабыз ыйык тутуп, көздүн карегиндей сактап келген керемет көлүбүзгө бөлөк-бөтөн
чоочундар келип ээлик кылып,
бок-сийдигин агызып, даарат алышса, көлүбүзгө, элибизге жагабы?
Башканы билбейм, мен мен мындай болушун каалабайм. Ансыз деле, көлүбүз жылдан-жылга тартылып баратат. Ага маани берип, себептерин иликтеп, соолуп калбаса экен деп түйшөлгөн жетекчилер жок. Миллион калктуу шаар түшсө Ысык-Көлдүн биосфералык климатына ого бетер доо кетет. Көлдүн экологиялык балансы бузулат. Ушул бизге керекпи? Кыскасы, нонсенс.
Ушундай эле шаар саалуу зарыл болуп жатса, инфраструктурасы каралбай, бечел баладай бутунан тура албай жаткан кичи шаарларды өнүктүрүүнү колго алуу милдет. Турат го, тогуз жолдун томунда жайгашкан Балыкчы шаары тозуп каралбай... Өнүктүр заманбап шаар кылып, ким кой дейт. Чолпон-Ата, Каракол шаарларын жаркыратып койсо болот го.
Ошондой эле, Кыргызстандын ар аймагындагы колдоого, көңүл бурууга, өнүктүрүүгө муктаж, ал түгүл стратегиялык мааниси зор канчалаган кичи шаарлар турат. Айталы, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шамалдуу-Сай, Баткен ушул шаарлардын инфраструктурасын оңдоп, өнүктүрүүгө эмнеге болбосун? Болот. Каалоо, эрк жок. Ал үчүн Асман шаары сыяктуу утопияга жетеленбей, реалдуу план-программа менен иштеш керек. Курулай пиар менен иш жүрбөйт...
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg