www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде 1000ден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш- чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000 ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 30-июнь күнү Ысык-Көл облусунда жайгашкан Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салынат. “Асман” эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg