www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жүргөндө аңдууга алынган. Бул тууралуу испаниялык "Эль Паис" гезити редакцияга келип түшкөн аудио жана видеожазууларга таянуу менен билдирди. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары билдирди. 

Анын коноктор менен болгон жолугушуусун эквадор бийлиги тарабынан жалданган испан күзөт компаниясы жазып алган.

Басылманын маалыматына караганда, аңдуу 2012-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. UC Global компаниясы активисттин бардык аракетин көзөмөлдөп, сүйлөшүүлөрүн жазып алып турган. Бул маалыматтар эквадордук аткаминерлерге жана Испанияда жашаган күзөт фирмасынын ээсине жөнөтүлүп турганы айтылууда.

Күзөт компаниясынын баяндамасына ылайык, Ассанж маалыматтарды чогултууга тоскоолдук жаратуу үчүн үндү өзгөртүүчү жабдуу колдонгон. Андуулардын алдын алуу максатында Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү элчиликтин аялдар ажатканасында жолугушууларды өткөргөн.

Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган. WikiLeaks сайтында Ооганстандагы жана Ирактагы согуштун жүрүшү тууралуу АКШнын миңдеген жашыруун документтери жарыяланган.

Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.

49 жаштагы Австралиянын жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости