www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районундагы Кызыл-Кырман айылынын борбордук көчөсүнүн жолу иштен чыгып, эски асфальтынын тамтыгы кетип, чаң ызгып жараксыз абалга келгенине көп болгон. Ал боюнча айылдыктардын барбаган жери калган эмес, анын ичинде айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновго да жолду оңдотуп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Акыры депутаттын кийлигишүүсү менен Кызыл-Кырман айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлүп, айылдыктардын көптөн күткөн тилектери ишке ашып отурат. Бул тууралуу маалыматты ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Жергиликтүү тургундар кубанычын тең бөлүшүү үчүн эл депутатты жолдун ачылышын көрүп кетүүгө чакырышкан. Бул чакан иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов менен Калдарбек Баймуратов катышып, айылдыктары куттуктап, регионду өнүктүрүү жылына карата кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалымат беришти. Ошону менен бирге, элдин башка өтүнүч-талаптарын угушту.
Бул иш-чарага Транспорт жана жолдор министри Ж.Бейшенов, Жол чарба департаментинин директору Ш.Иманкулов, райондук мамлекеттик админстрациянын жетекчилиги катышты.
Булак: NazarNews.kg