www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыкты. Анын баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, ушундай чечим чыгарды. Манас Арабаев 2-июнда кармалган.
Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык тууралуу журналисттик иликтөө чыккан. Ал кармалары менен эле Раиса Атамбаевага көрсөтмө берген.
Азыр абакка түшкөндөрдүн баары эле өзүнөн жогорку тепкичтерде иштеген кожоюндарына каршы көрсөтмө берип, үй камагына чыгып кетип жатышат. Жээнбековдун бийлиги бул ыкманы өзгөчө "модага" айлантты. Эми мындан ары чоң кызматты аркалаган атка минерлер кандайдыр бир кылмыш кылып камалса, эртеси өзүнөн чоң "шефтерине" каршы көрсөтмө берип, өзү жоопкерчиликтен кутулуп, үй камагына бекинип жатып алмай көрүнүш жедеп өнөкөткө айланат окшобойбу.
Булак: Багыт.kg