www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары жазып чыкты. 

33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп тапкан. “Минералдык тальктан балдарга себе турган порошок даярдадым. Анан ага уйгак, чегендири, этил спиртин коштум, анан аллергияга каршы май пайда болду”, – деди Мавлуда Давлатмамадова.

Өткөн айдын соңунда Сеулда Бүткүл дүйнөлүк аялдар ассоциациясы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунунун колдоосу менен Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумун өткөргөн.

Форумда Тажикстандан барган сегиз аял алтын, күмүш жана коло медалдарды алган.

2012-жылдан бери тажикстандык ойлоп табуучу аялдар 15 эл аралык алтын сыйлыктарга ээ болгон. Табылгалардын көбү медицина жана химия тармагына таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости