www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кездери кыргыз улутунун касиет, кутун учурган терс мамиле көп болуп жатат. Мекенге, жерге, элге, улуттун уюткусу болгон улуу дөөлөт, мурастарга аздек, аяр мамиле кылбасак оңолбойбуз...

Бүгүнкү күндө батыштын жылаңач баалуулуктарынан, ошондой эле, арабдын чүмкөнүп, тумчуланган ашынган диний экспансиясынан, кыргыз кандай багытты карманып, өзүнүн улуттук жүзүн сактап, байыртадан келе жаткан, кылымдап калыптанган нарк-насилин, өз изин, өз чыйырын, өз тилин жоготпой кийинки муунга өткөрүп берет деген маселе өтө чоң көйгөйлөрдүн бирине айланды. 

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы деп кыргыз таамай айткан. Эгер биз кыргыздын келечегине бүгүн камкордук көрүп, ааламдашуу процессиндеги улуттун өзөгүн мите курттай кемирген тескери көрүнүштөргө каршы күрөшкөн улуттук иммунитетти калыптандыра албасак эл болуудан калабыз. 

Мына ушул улуттук иденттүүлүккө байланышкан майда бирок өтө маанилүү бир жагдайга көңүл буруу учурдун талабы болуп турат. Тактап айтканда, акыркы жылдары жаңы төрөлгөн ымыркайга ысым ыйгарууда диний таасирге жетеленип арабдардын атын койгон өнөкөт күч алды. Өзгөчө үч-төрт жылдан бери бул "оору" тамыр жайды. Диний караңгы түшүнүк менен маани-маңызын билбей эле наристелерине диний аттарды коюшуп, анысын сыймык көргөн динге сугарылган муун пайда болду. Өтө өкүнүчтүү, зээнди кейиткен тенденция... Кыргыздын тамырына балта чапчу көрүнүш. 

Сөзүбүз кур болбосун, 2022-жылы Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген ымыркайларга кандай ысым көп коюлганы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги чыгарган статистикага көңүл бурсак жетиштүү болот. 

Эркек балдардын арасында эң көп коюлган ысымдардын алдыңкы ондугунда:
Мухаммад (4 537)
Умар (4 132)
Али (2 632)
Амир (2 164)
Билал (2 129)
Алихан (2 112)
Алинур (2 063)
Нурислам (1 910)
Эмир (1 681)
Усман (1 481) аттары бар. 

Ал эми кыздарга көбүнчө:
Салиха (3 107)
Раяна (2 864)
Амина (2 6 04)
Фатима (2 436)
Айлин (2 383)
Алия (2 040)
Хадича (1 864)
Аруузат (1 928)
Сафия (1 968)
Арууке (1 928) ысымдары ыйгарылган. 

Мындай темп менен жакынкы элүү жылда Кыргызстан арабдын мекени тура, арабдар жашайт тура деген түшүнүк калыптанат. Мухаммед ибн Умар, Билал ибн Усман аталып, кыргыздын жыты калбайт. Жүз жылда Кыргызстандагы көрүстөндөр арабдардын мүрзөлөрү деген абал жаралат. Арабдардын дин менен кошо кыргыздын менталитетине оңбогондой сокку уруп, өзүлөрүнүн баалуулуктарын сиңирип жаткан саясатынын жемиши, мөмөсүн берип баштады... 

Ансыз да кыргыз кыздарын токолдукка алып, уул-кыз төрөтүп, Кыргызстандан мүлк алып, тамыр жайып жаткан арабдар толтура. Аларга келечекте куураган чөл эмес, аба-суусу таза бейиштей болгон Кыргыз жери керек. Өкүнүчтүүсү, ушул абалды динге сугарылып, ата-бабасынын ысымын, каада-салт, нарк-насилин чанып маңкуртташып бараткан муун, сергек акыл жүгүртүп талдаганга шаасы жетпей жатат. Андыктан, мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу улуттук идеологиялык саясат жүрбөсө келечек бүдөмүк. 

Дегенибиз, мамлекет көч башын түздөп, оң-терс көрүнүштү ылгап, улутту ылаңдаткан агымдарды иргеп, чар-жайыт абалды бир нукка салып, улуттун келечегине камкордук көрбөсө, таруудай чачырап, баш-аягыбызды таппай бириндеп бара жатабыз. 

Арийне, Манас, Бакай, Семетей, Сейтек деген аттарды арак, коньякка коюп, арабдын диний аттарын баласына ыйгарган кыргызга кут байыр алабы? Ойгонолу, ойлонолу. Манас – кыргыздын руханий дөөлөтү. Биз ушул касиет жылоологон рухий дөөлөтүбүздү, акыл-көрөңгөбүздү, арак кылып ичип алып, дин менен жуурулушуп келген арабдын жашоо образын, ал түгүл ысымдарын ыйык тутуп ит, акмагыбыз чыгып жатат. Кеч болуп кала электе, ата-бабаңдын атын аракка коюп, арабдын ысымын балаңа ыйгарып маңкурт болбой, эсиңе кел Кыргыз! 

Демек,  мамлекет тарабынан Манас, Бакай, Семетей, Сейтек деген ысымды, Ала-Тоо, Ысык-Көл, Кыргызстан деген аталыштарды ичимдиктерге койгонго тыюу салып, укпагандарды мыйзам чегинде жазага тартуу абзел. Манаска байланышкан мыйзам иштебей жаткандын кесепетинен, улуттун руханий көрөңгөсү корголбой, тебелендиде калып жатат. Ошондой эле, кыргыз улутунун эртеңин ойлосок арабдардын ысымын ыйгаруу маселесине дагы чектөө, тыюу салуу кажет. Бул жагдай майда көрүнгөн менен олуттуу көңүл бурууга муктаж. Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам дегендей, баары билинбеген, көңүл бурууга арзыбаган, маанисиз көрүнгөн нерселерден башталат. Ошондуктан, өз убагында жараны жарып, ириңин агызып тазалабаса, ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт деген абалга жетебиз!..

Алмаз Темирбек уулу, NazarNews.kg

Последние новости