www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата-Мекен» партиясынан кетүү иштери башталды

«Ата-Мекен» партиясынын туусун 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бийик көтөргөн Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев мурунку кожоюну Алмазбек Атамбаевдин эшигин сагаалап, бирок социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков буларды кийирбейбиз деп ач-айкырык салып турат.

«Ата-Мекендин» артынан депутаттык мандатка жетишкен Айсулуу Мамашова менен Эмил Токтошев дагы «Ата-Мекенден» жаа боюу качып, башка партияга ыктап, «Ынтымактын» тизмесине илиниптир. Өмүрбек Текебаевдин «Ата-Мекенинен» эмнеге келечекке үмүт менен карай турган жаштар кете баштады? Жаштар келечекте өлкө өнүгүшүн каалашат, ал эми Текебаев өз капчыгынын гана өсүшүн каалагандыктан, жаштар анын партиясынан кете баштады, - дейт байкоочулар.

Административдик ресурска, акчага таянган былтыркы шайлоо башаламандык менен аяктаган. Эмки шайлоодо административдик ресурс таптакыр колдонулбайт деп айтылууда. Анткени, ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат, - дейт бийлик.

Ошого жараша шайлоочулар дагы добушун сатпаш керек. Бул жолу шайлоо аркылуу шайлоочуларга парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүлдү. 36 депутатты бир мандаттуу чолкөмдөн шайлоочулар түздөн-түз өкүл катары кылып шайлайт. Андан сырткары, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.

Партиянын ичинен шайлоочулар өздөрүнө жаккан талапкерге дагы добуш берет. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги шайлоочулар өздөрүнө жаккан бир талапкерге добуш бере алышат.

Мейли миллиардер болсун же кудай болушсун, эл колдобосо депутат болушпайт. Мына эми парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы шайлоочулар добуш берүү жолу менен люстрация кылып берет, - дейт бийлик.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости