www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КЭДР лидери Ким Чен Ын түндүк кореялыктардын жашоосун жакшыртууну каалайт. Ал өлкөнүн бийлиги жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууну биринчи орунга коюу керектигин айтты.

Мамлекет башчысы башкаруучу Кореянын Жумушчу партиясынын (WPK) түзүлгөнүнүн 76 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө бардык деңгээлдеги жетекчиликти «адамдарга кудай сыяктуу кызмат кылууга» чакырды.

Ал - чиновниктер адамдардын пикирин угушу керектигин жана алар өз аракеттери менен ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын түшүнүшү керектигин түшүндүрдү.

Ким Чен Ын партияны - элди азык-түлүк жана турак жай менен тезирээк толук камсыз кылуу үчүн улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн беш жылдык планын аткарууга ниеттенип жатканын айтты.

Эске салсак, буга чейин Түндүк Кореянын лидери Кошмо Штаттарынын диалог сунушун четке кагып, муну кастыкты жаап-жашыруу деп атаган. Ал Кошмо Штаттарынын аракеттери «эл аралык коомчулукту алдоо жана алардын душмандык аракеттерин жаап-жашыруу үчүн каурулган фасаддан башка нерсе эмес» деп баса белгиледи. Анын пикиринде, Америка тараптын КЭДРге болгон мамилеси такыр өзгөргөн жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости