www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Радикалдуу «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү Пакистандын өзөктүк бомбасынын жаратуучусу Абдул Кадир Хандын иштеп чыккан жетишкендиктерине ээ боло алат. Бул тууралуу Sputnik-Ооганстан жазат. Пакистандык физик бир күн мурун 86 жашында каза болгон. Ал коронавирустун айынан каза тапканы айтылууда. Абдул Кадир Ханды эскерүү үчүн республикада бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Пакистанда өзөктүк программаны өнүктүрүү 1956-жылы Пакистандын Атомдук энергия боюнча комиссиясы түзүлгөндөн кийин башталган. 70-жылдарга чейин мындай изилдөөлөр тынч болчу. Абдул Кадир Хан өзөктүк бомба программасына 1975-жылы кошулган. Ал буга чейин Нидерландда уран байытуу үчүн газ центрифугаларын чыгарган URENCO европалык консорциумунда иштеген.
Талибдердин өзөктүк куралга ээ болушу мүмкүн деген имиштер биринчи жолу чыгып жаткан жок. Муну мурда АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон айткан.
Эске салсак, америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин согушкерлердин арсеналы ар кандай куралдар менен толукталган. Ошондой эле, радикалдар аскердик авиацияга да ээ болушту.
Булак: NazarNews.kg