www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээки жамгырлуу жекшембиде «чоң калибрлүү» дегендердин бир тобу курамына кирген «Азаттык» саясий партиясынын 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого карата курултайы болуп өттү.

Бул партиянын тизмесин генерал Исмаил Исаков жетектеп баратат. Ошондой эле тизмеден салмактуу делген саясий фигуранттарды да көрсө болот. Алсак, «легендарлуу» парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, ЖКнын экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков, кезинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын «маховиги» делген Ишенбай Кадырбеков, акыркы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон экс- депутат Бакытбек Калмаматов, табитинде акыйкатты туу туткан ЖКнын экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева жана башкаларды көрүүгө болот.

Ошондой эле, ушул эле күнү алдыдагы аламанда саясий аба ырайын жаратуучулардын бири делип келген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын да курултайы болуп өттү. 

Партияны Айбек Маткеримов жетектеп барат.

Анын тизмесинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, өткөн жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен катышкан, экс-вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашев жана да бир топ учурдагы ЖКнын депутаттары, экс-депутаттар, бир нечелеген партиянын лидерлери, бизнес чөйрөсүнүн жетекчилери жана башкалар бар. Ырчы жана обончу Бек Борбиев да ушул партиянын тизмесинде жүрөт.

Андан бир күн мурун болуп өткөн «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын да болжолдуу тизме курамы жарыяланды. Партияны парламенттик тирешке Адахан Мадумаров жетектеп барат. Ал 2011чи, 2017чи жана 2021-жылдары президентикке талапкерлигин койгон. Мамлекеттик катчы, вице-премьер министр, ЖКнын экс-төрагасы, Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болгон жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты.

Ушуну менен бирге эле партия тизмесинин сап башындагылардын бири болуп Кыргызстан Коммунисттер партиясынын лидери, ЖКнын экс-депутаты Исхак Масалиев турат.

«Ата-Мекен» партиясынын квотасы менен келген учурдагы ЖК депутаты депутаты Эмиль Токтошев, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана башкаларды көрүүгө болот.

Ал эми бүгүн «Ынтымак», «Ишеним», «Улуттар биримдиги элдик партиясынын» курутайларынын өтүүсү болжолдонууда. Ошол эле учурда шайлоого катышабыз деп каттоодон өткөн 75 партиянын алды «отказ» бере баштады. Алар - «Ар-Намыс», «Эмгек партиясы» («Партия труда»), «Либерал-прогрессивдүү» партиялар.

Кенжебек Арыкбаев, NazarNews.kg

Последние новости