www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Тараптардын жетишилген макулдугуна ылайык, 2021-жылдын 5-9-октябрында Исфана шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Тараптар топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости