www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач, салам кесиптешим  Ыдырыс Исаков! Ойдолоктотпой,  же сенин (журналистиканын этикасына кирбеген) манераңдай  колубузду көрүнгөн тарапка кесей бербей айта турган оюмдун өзөгүн айтайын.

Чейрек кылым журналистиканын ландшафтында жүрсөм да буга чейин бир да кесиптешиме сага айта тургандай пикир жаралган эмес менде.

Төмөндөгү айтчу пикирим сенин жакында Ютубдагы өздүк каналыңа жарыялаган Кыргыз Эл баатыры, «Манас» орденинин толук кавалери, академик, дүйнө тамшанган хируруг Н.И.Пироговдун атындагы Эл аралык хируругдар Ассоциясынын ардактуу мүчөсү, Гиннес рекорддор китебине өз ишинде эң узак жыл иштеген хируруг катары кирген жана да  кайталангыс дарыгер М.Е.Фридмандын колунан таалим алган, дагы-дагы сен элес албаган же сен элес алгың келбеген планетабыздагы далайлаган салабаттуу медицинага тиешелүү абройлуу уюмдардын ардактуу мүчөсү жана анын колунан тарбияланып чыккан дарыгерлердин алды медицинасы өнүккөн делген Европанын бир катар өлкөлөрүндө, АКШда,Израилде, Оруссияда жана мобу эле кошуналарыбыз Казакстан менен Өзбекстанда үзүрлүү эмгектенип, ажал менен тирүүлүктүн ортосунда алышып, далайлаган адамдарды илдетинен айыктырып, алардын жаркын жашоодогу өмүрлөрүн узартып келе жаткан саламаттыкты сактоонун мыктыларынын устаты, 100 миңдеген адамдарды дарылап жашоосуна жашоо улаган  Мамбет Мамакеев  аксакал менен болгон  (журналистиканын этикасына түк сыйбаган) «акыйлашууң» ушул ойлорумду жазууга себеп болуп отурат.

Кесиптешим, билесиң, билбесең билип ал! Кыргыз таалими жаралганы чөбөрөсүндөй болгон неме эч качан чоң атасынан да чоң кишиге сен чылап бирде туруп «бери караң», «эми караң» деген сыяктуу журналистикалык-адабий диалектикада жок «жаргондор» менен 95теги карыянын маңдайына отуруп алып чокчолоңдогонун көрбөптүрмүн.

Анан да мецинаны сүйлөп күпүлдөп атасың, НХЦ эмне экенин чечмелей албай туруп «силерде операциянын көрсөткүчү төмөн экен...», «силерде 100 пайыз операция жасалышы керек болчу» деп Мамбет Мамекеев аксакалды кошпогондо да ошол жерде отурган Эрнис Тилеков, Таалайбек Акматов сыяктуу Кыргызстандагы мыкты хируругдарга «акыл айтып» атканың өтө эле осол көрүндү.Таалайбек Акматовдун атасы профессор Аманкул Акматов өмүрүнүн аягына чейин дартка кабылган адамдарды ажал оозунан алып калуу менен күрөшүп өткөн.

Дагы бир жериңде Архимед «Эврика!» деп кыйкыргандай  сөз ортосунда шаарда 100 журналист болсо бирөө да басып келип менчелик текшербептир дегендей өзүңдү башка кесиптештериңден ашепке бийик көтөргөнүң кесиптештериңди сыйлабастык, өөн да көрүндү ушул айтканың.

Дагы да «30 жылдан бери сизге сын айтылбаптыр» деген таризде да бирдемелерди кобурап кеттиң. Мунуң да туура эмес, ал кишиге далай сындар айтылган, бирок сеникиндей «орой ыкмада» ооруп, жаңыдан сакайып келаткан чоң атаңдан да улуу кишинин маңдайында колдоруң менен столду койгулагандай эмес, ал кишини бирде туруп «сен», бирде туруп «сиз» дегениңдей эмес, башкача тартипте айтылып келген сындар.

Барыдан да бир бүтүн элдин ой сезимине терс жана коркунучтуу таасир жартуучу, кыргызча айтпай эле койоюн ал сөздү (кыргыздан айланып кетсин ошондой ажырым) «разжигание межнациональной розни» деген түшүнүктү козгоп да атасың ошол жерде. «Жердешиңиз Садыр Жапаров... анака-мынака» деп. Массалык маалымат айдыңында жүрөсүңбү андай сөз оозуңа эле эмес, оюңа да келбесин каалап кетким келет, сага!

Эгер сен чылап «деталдаштыра» берсем сөз өтө эле узак кетчүдөй. Токтотойун. Сенин мага кайра жооп берүүңдүн же санаалаштарыңдын аарыдай ызылдап чыккан комменттериңдин деле кереги жок.

 Изилдөө иштериңде албетте сага ийгилик!

Бирок, аксакал кишиге жасаган дараметиң  далайларга эле эмес, Кыргыз табиятына да жакпаган иш болгонун мойнуңа алып койгонуң оң.

Эгерде, кылымдардын бороонунда миң чайпалып, үзүлбөй, чачырап жок болуп кетпегенинин өзөгү болгон- Кыргыз элинин нарк-насилин, каада-салтын баалаган, сыйлаган уулу болсоң!

Кенжебек Арыкбаев

Последние новости