www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" радикалдуу кыймылы “экстремисттик топтордун жолун бөгөө” үчүн Кошмо Штаттар менен кызматташпай турганын билдирди.

Кыймылдын өкүлү Сухайл Шахин Associated Press агенттигине талибдер “Ислам мамлекети” тобуна каршы турууга күчү жетерин айткан.

9-10-октябрь күндөрү “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Катарда АКШнын делегациясы менен жолугушкан. AP билдиргендей, Ооганстандагы экстремисттик топтор менен күрөшүү сүйлөшүүдөгү негизги темалардын бири болгон.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү өткөн жума күнү “Ал-Жазира” телеканалына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талибердин Ооганстандагы бийлигин таануу дегенге жатпай турганын кабарлаган.

Ооганстанда терроризмден тышкары оор экономикалык абал да курч бойдон калууда. Талибдер бийликке келгенден кийин бул өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү 9,4 миллиард долларга тете активи тоңдурулган. Ооганстандын убактылуу өкмөтүндө тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки Дохадагы сүйлөшүүлөрдө талибдер АКШны бул активдерди алууга уруксат берүүгө жана өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырышканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости