www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мандаттуу округдан шайланып келип "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган депутаттар кайра чыгып кетти. Бул туурасында бүгүн парламентте эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, фракциядан 14 депутат бөлүнүп чыгып, өзүнчө "Мекенчил" деген топ түзгөн.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери төрага болгонуна жана ич ара структуралар өзгөргөнүнө байланыштуу бир мандаттуу округдун депутаттары бөлүнүп чыктык", — деди Сатыбалдиев.

Буга байланыштуу ал вице-спикерге кайрылып, топко өзүнчө катчылык түзүп беришин суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости