www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
М.Ю.Лермонтов белгилүү коомдук ишмер жана атагы таш жарган акын болгон. Тилекке каршы инсан катары жакшы адам болгон эмес дешет. Ал өтө корс, текебер, жалаң өзүнүкүн гана туура деп эсептеген адам болгон дешет ал тууралуу замандаштары.
Лермантов кайсы чөйрөгө кирбесин сөзсүз жаңжал чыкчу экен. Эч ким ага сүйлөгүсү, көңүл бургусу келбесе да ал баарынын үстүнөн күлгөндү, болбогон жерден башкаларды шылдың кылганды жакшы көргөн. Лермонтовду дуэлде атып өлтүргөн Мартыновдон: --"Сиз улуу акынды өлтүрүп койдуңуз, эми келечек муун сизге каргыш айтат" - дегенде, ал: --"Мен аны баары бир өлтүрөт болчумун" - деп акындын өлүмүнө таптакыр өкүнгөн эмес.
Акындын өлүмү тууралуу кабарды уккан падыша император Николай - 1, "Итке ит өлүм!" - деп айткан экен.
Каттабек Шамшиевдин социалдык баракчасынан алынды
Булак: NazarNews.kg