www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын премьер-министринин миилдетин аткаруучу Артме Новиков, бир нече убакыт мурда Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев узаткан эстафетаны кабыл алганын маалымдады.
Эстафетаны мынчалык кеч кабыл алганы үчүн кечирим сураган Новиков, себебин Жалал-Абад облусунда өткөн иш-сапары менен түшүндүрдү. Убакыттан пайдаланып кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктаган Артем Новиков каалоо-тилектерин да айтып өттү.
“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мага узаткан эстафетасын чоң кубануу менен кабыл алам! Кичинекей мекендештерибиздин көркөмдүү сүрөттөрү мага да келип жетти! Фантазияларына баа бердим!
ЭСТАФЕТА ТУУРАЛУУ: “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору өлкө боюнча жетим балдар интернаттары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – жаңы үмүттөр” аталышындагы долбоор баштап, ошол жерде сүрөт конкурсу уюштурулган.
Тандалып алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка ведомстволорго Жаңы жылдык куттуктоо белеги катары жөнөтүлгөн.
Бул эстафетаны жогоруда белгиленген жетекчиликтерге узатам. Чэлленжге активдүү катышып бериңиздер”, - дейт кайрылуусунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков.
Өз учурунда “Токойдогу тынчтык” атту сүрөттү белекке алган Новиков ыраазычылыгын билдирип, жаш жеткинчекке планшет белек кылганын маалымдады. Белекти эч качан унутпастан, үйүндөгу дубалында орун алаарына сөз берди.
Ошол эле учурда, кыргыз тилин үйрөнүүгө сөз берген Новиков кайрылуу учурунда кыргыз тилин байма-бай колдонуп жатты.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg