www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жаңы жыл майрамына карата жаңы эстафета баштады.
Маалыматка караганда, республикалык “Балажан” эстетикалык билим берүү окуу-усулдук борбору өлкө боюнча жетим балдар интернаттары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – Жаңы үмүт” аттуу сүрөт сынагын өткөргөн.
“Сынактын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү республикадагы жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилерине жана өкүлдөрүнө белек катары жөнөтүлдү. Мага Ош облусундагы атайын жалпы билим берүүчү дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынан 13 жаштагы Жунусакунов Иманбектин сүрөтү келди. Иманбек, сага чоң рахмат! Мен дагы өзүмдүн атымдан сага планшетти белек катары берем”, – деди Алмазбек Бейшеналиев.
Өз сөзүн жыйынтыктап жатып, министр эстафетаны колдоону премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковго узатты.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg