www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кийинки жылы жеке нотариустардын ишин текшерүү боюнча план бекитилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул планга ылайык, өлкөдөгү 156 жеке нотариустун ишмердүүлүгү текшерүүгө алынат. Маалыматта нотариустар аталган чөйрөнү жөнгө салган мыйзам талаптарынын чегинде иш алып барууга милдеттүү жана талаптарга жооп берүүгө тийиш экени белгиленген. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, тартиптик жазага тартылат. Текшерүү жүргүзүү графигин Юстиция министрлигинин сайтынан көрүүго болот.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg