www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-декабрга карата кыргызстандыктар үчүн бардык социалдык төлөмдөр толугу менен төлөндү. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Мамбетисаева Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 637 миңден ашуун адам жөлөк пул жана компенсация алышты. Анын ичинен ай сайын жөлөк пул төлөп берилүүчү 16 жашка чейинки балдары бар 334 миң муктаж жарандарга төлөндү.
«133 миң адамга бала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү парасы берилди, жөлөкпулдун ордуна акчалай компенсация 40 миң жаранга берилди, 32 миң аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төлөндү жана сөөктү көмүүгө - 3 миңге жакын жаранга кенемте төлөндү. Менин оюмча, мекендештерибиздин кооптоно турган эч нерсеси жок, эч кандай кечигүү болгон жок ”, - деди Гүлнура Мамбетисаева.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg