www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга айыпталып жаткан "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жумуштан алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
"Ооба, кызматтан кетирем. Ээлеген ордунан бошотуу тууралуу документ дүйшөмбү же шейшемби күнү даяр болот", — деди Түлөбаев.
Белгилей кетсек, УКМК кечээ, 24-декабрда, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашкан деп Түлөбердиев жана дагы бир шектүүнү колго түшүргөн. Аталган факты Жазык кодексинин 309-беренеси ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Кармалгандар учурда УКМКнын тергөө абагында.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg