www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2% жыйынтык көрсөткөн адамга кантип убакыт берсе болот? Айыл чарба министринин өзүнүн ишмердүүлүгүн ийне-жибине чейин карап чыгуу керек. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент 2% көрсөткүчү менен отчетун угуп, андан ары иштөөгө уруксат берип келесоолук кылды. Бул министрди кызматтан алыш керек болчу!
«Садыр Жапаров биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, коюлган милдеттердин аткарылышы боюнча отчетун укту. Анан баарыбыз Айыл чарба министрлигинин башчысы кандай отчет бергенин көрдүк. Анан президент өзү айыл чарбасында өсүш болгону 2% түзгөнүн айтып, министрден жигердүү иштешин талап кылды. 2% жыйынтык көрсөткөн адамга кантип убакыт берсе болот? Айыл чарба министринин өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңири карап чыгуу зарыл, анткени бардыгыбызга пресс-релиздерден жана билдирүүлөрдөн белгилүү болгондой, жыл башынан бери 30 жылдан бери биринчи жолу 26 млрд. айыл чарбасына бөлүнгөн. Андан ары 1,5 миллиардга үрөн сатылып алынганын, 1 миллиарды сугатка кетип жатканын жазышууда. Тилекке каршы, ачык булактарда бул сумманы бөлүштүрүү боюнча маалымат жок. Үрөн 1,5 миллиардга сатылып алынган, анын жарымынан көбү Мамлекеттик материалдык резервде сакталууда. Бул эсептөөлөрдү ким жасаган? Эмне үчүн мамлекеттик бюджеттин акчасын натыйжасыз пайдаланабыз?
Министрдин маалымат жыйынында эмнеге ошол эле жеке менчик үрөн чарбалары үрөндү 20 сомдон арзан сатышат деп сурадым. Анда министр жеке соодагерлер алдын ала сатып алган, бирок мамлекет жаңы жылда сатып алгандыктан, баада ушундай айырма бар деп жооп берди. Бул мамлекетке караганда жеке соодагерлер туура саясат жүргүзүп жатат дегенди билдирет. Калктын акчасына этият болушубуз керек, бирок жыйынтыгы төмөнкүдөй. Сугаруу боюнча да түшүнүксүз. Кластердик каржылоого келсек, ал дагы түшүнүксүз. Отчеттор жок. Акча кайда кетти? 10 миллиард сом бөлүнгөн. 2% көрсөткүчтөрү бар отчетту угуп, андан ары иштөөгө уруксат берген бул - келесоолук. Бул министрди кызматтан алышыбыз керек!”, - деди жарандык активист Атай Бейшенбек.
Булак: NazarNews.kg