www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу мөөнөтүн Биринчи май райондук соту 2-декабрга чейин узартты. Бир нече митинг болгондон кийин, 1-апрелде райондук акимиат митингдерге тыюу салган жана андан соң ал чечимди сот бекитип, элчиликке Ак үй, Жогорку кеңеш менен УКМКнын алдын жана Ала-Тоо аянтын дагы кошуп салган.
Каршылык митингдерин Горький атындагы бакта гана өткөрсө болот жана орусиялык дипломаттардын башы ал тууралуу эч оорубайт – улуу орус жазуучусу атындагы сквер кайда экенин алар билбеши да мүмкүн. Өз карамагындагылардан Москва бир нерсени кантип сураганын билбесек, муну – орусиялык дипломатиянын жеңиши деп атасак да болмок.
Орусиянын элчилиги же консулдугу бар шаарларда бүткүл дүйнөдө XXI кылымдагы азыркы жырткычтык согушка каршы митингдер ошол элчиликтердин алдында өткөрүлөт, антпегенде алардын мааниси жоголот. Сиз бир нерсени жерге түшүрүп, жоготуп жиберсеңиз, аны ошол жерден издебей, жарыгыраак жерге барып издеген сыяктуу.