www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоо убагында Кумтөрду Кыргызстанга кайтарып алууну убада кылган саясатчы катары эл Садыр Жапаровго добушун берген. Мындай пикирин Атай Бейшенбек өзүнүн Facebook баракчасына ажзып чыкты.
«Кумтөр маселеси боюнча Садыр Нургожоевичтин чечимин сыйлап, акыркы маселелер чечилүү этабына чейин биз эч кандай суроо жаратпай, тоскоолдук жаратпай келдик. 4-апрелдеги өлкө башчыбыздын Кумтөр кени Кыргызстанга расмий өттү деген маалыматынан кийин кайрылууну туура көрдүк.
Төмөнкү суроо талаптарыбызга расмий бийликтен 1-майга чейин жооп берүүсүн өтүнөбүз.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Президенттик шайлоо убагында Кумтөрду Кыргызстанга кайтарып алууну убада кылган саясатчы катары эл сизге добушун берген. Анан ошентип айыгышкан күрөштөн кийин бул үмүт ишке ашты!
Ошондуктан кенди толук өткөрүп алуу жөнүндө тарыхый документке өзүнүн сөзүнө турган жана чыныгы натыйжага жетишкен лидер катары сиз өзүңүз гана кол коюшуңуз керек. Бул чечимдин канчалык туура экенин убакыт көрсөтөт. Бирок сиз техникалык аткаруучулар менен жеңишти бөлүшпөстөн өзүңүз баштаган ишти аягына чейин чыгарып жана убадасын аткарган саясатчы катары
Кыргызстандын тарыхында калышыңыз керек.
Биздин талаптар:
1. Биз, Кумтөр алтын кенин иштетүү убагында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтоодон улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча «Кумтор Голд Компани» ЖАКка коюлган 263 млрд сом доону өндүрүү бюнча кырдаал мындан ар кандай болоорун билгибиз келет. 2021-жылы 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту берилген доо арызды канааттандыруу боюнча чечимди кабыл алган. Кол коюудан кийин ал зыянды ким толтура турганы түшүнүксүз болуп калды.
2. Биз билгендей, Кумтөр алтын кенин иштетүүдө айлана-чөйрөгө зыян келтире турган технология колдонулуп келген. Бирок кийин тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк жетектеп турган кезде кандай алдыңкы сарамжалдуу технологиялар колдонулганы жана дегеле колдонууга киргизилгени жөнүндө эч кандай маалымат айтылган жок. Андыктан биз, КР Экология министрлигинин комиссиясы бекиткен технологиялар колдонулганы тууралуу маалыматтын жарыяланышын талап кылабыз, буга жакшыртылган көрсөткүчтөрдү берген экологияга зыяны жок жана жаңыланган сарамжалдуу технологияларды пайдаланып жатканы тууралуу Кумтөрдүн азыркы жетекчилигинин билдирүүлөрүн тастыктаган көз карандысыз эколог-эксперттердин милдеттүү катышуусу зарыл.
3. Биз 2021-жыл үчүн Кумтөрдөн канча акча түшкөнү, кирешеси, чыгашасы, таза пайдасы, милдеттүү төлөмдөр жана салыктар жөнүндө ачык финансылык отчет берилишин талап кылабыз.
4. Биз «Центерра Голд» компаниясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Кумтөр кени боюнча Макулдашууга кол коюу алдында анын текстинин жарыяланышын талап кылабыз.
5. Биз ошондой эле, ушул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин кол коюшун талап кылабыз.
Урматтуу Кыргызстандыктар баарыңыздарды бул талаптарга кош көңүл карабоого чакырабыз, ачык, адилеттүү жана калыс элдин тарыхий кадамдарын бирге жараталы!», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg