www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чабал, фантазер, каратисттерден турган командаңарды жаңыртпайсызбы, али убакыт бар. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«2020-жылдын 20-октябрында Садыр Жапаровдун чет элдик ММКга берген интервьюсунда Кыргызстандан 30 жылда 2 млнго чукул мигранттар сыртка чыгып кеткени, аларды артка кайтарып келүү программасын ишке ашырууга 1,5-2 жылдык убакыт талап кылынаарын айткан эле.

2022-жылдын биринчи кварталында ачылган жумушчу орундарын карай турган болсок, жалпы 23 967 жумушчу орун ачылса, анын 17 360ы жеке ишкерлер, 5820 фермер-дыйкандар түзөт.

Маалымат ирээтинде айта турган болсом 2020-жылы пандемия учурунда Улуттук статкомдун маалыматына ылайык - Кыргызстан боюнча 70 749 жумушчу орун түзүлгөн, анын - 44 467 жеке ишкердик менен, 21 755 фермер-дыйкандар түзгөн.

2021-жылдын 12 айлыгын ала турган болсок - 99 494 жумушчу орун түзүлгөн. Анын 70 782си жеке ишкердик, 24 108 фермер-дыйкандар...

Сиз айткан убададан бери 1 жыл 10 ай убакыт өтүптүр, программаңар эмне болду?

Жогоркуда атап өткөн жумушчу орундардын басымдуу бөлүгү жеке ишкерлер же түз айтканда элдин эсебинен жумушчу орун түзүлүптүр.

Чабал, фантазер, каратисттерден турган командаңарды жаңыртпайсызбы, али убакыт бар...», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости