www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгында жабыркаган үч КР жаранынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев билдирди.

«Кырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Алар керектүү дары-дармектер менен камсыздалган», — деп айтылат маалыматта.

Букалаев кошумчалагандай, КРнын РФдагы элчилигинин консулдук кызматкерлери кырсык катталган жерде иш алып барууда.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости