www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир учурда түкүрүгү жерге түшпөй, оозунан чыккан илебине нан бышчудай болгон Кыргызстандагы бирден-бир көрүнүктүү олигархтардын бири Жалил Атамбаев кылмыш иши козголуп камалып, "кусуп" чыккандан кийин, болгон байлыгын соодалап, капиталын коңшу Өзбекстанга чыгарып кеткени айтылууда. Айрым эл арасындагы айтылып жаткан имиштерге караганда, ушул кезде Ташкенте курулуш тармагына эбегейсиз акча сарптап, инвестиция кылып жатыптыр. 

Айтор, өмүр боюу ар түрдүү жол аркылуу Кыргызстандан топтогон байлыгын коңшулардын пайдасына жумшап жаткан кези экен. Кыргызстанда каалагандай талтаңдап миллиардерге айланган шылуун неме эми Өзбекстанда тайраңдай алаар бекен? Айткандай, Ташкенттин курулуш тармагына оңой-олтоң аралашып кетүүгө мүмкүн эмес. Бул жакка Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” Салимбай байбача аркылуу жол таап, ошол кишинин кепилдигин алганы айтылууда. Кезинде Салимбай байбача менен сүрөткө түшүп, коюн-колтук алышып жүргөн мамилеси бекер эмес тура. 

Өкүнүчтүүсү, азыркы бийликтин тушунда Жалил Атамбаев сыяктуу канчалаган ишкерлер, байлар басым-кысымдан улам сыртка миллиондогон доллар капиталдарын чыгарып кетишти экен. Акыркы эки жылдагы сыртка чыккан капиталдын көлөмү өздөрү ооз толтуруп айткандай 30 жылда болбогондой рекорд болуптур. Өлкө байлыгы сыртка ташылып, кумга сиңген суудай жок болуп жатса, анан кантип мамлекет оңолот?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости