www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу үчүн жарыяланган тендерге беш компания документ тапшырды. Бул туурасында Sputnik агенттигине Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, документтерди кабыл алуу 12-апрелде аяктаган. Учурда тендерге катышкан компаниялардын талаптарга дал келүүсүн изилдөө жана сунуштаган долбоорун баалоо иштери жүрүп жатат. Жеңүүчү эки айдын ичинде аныкталат.

Министрлик сырттан кийлигишүү жана башка терс жагдайларга жол бербөө үчүн конкурс бүткөнгө чейин катышуучу ишканалар тууралуу маалымат берилбей турганын белгиледи. Канчасы жергиликтүү же чет өлкөлүк компания экендиги да айтылган жок.

План боюнча Камбар-Ата-2 ГЭСи ар бири 120 мегаваттык үч гидроагрегат орнотууга ылайыкталган. Учурда бирөө гана иштеп жатат, экинчисин ишке киргизүүгө Евразия өнүктүрүү банкы каражат бөлөт. Бирок үчүнчү агрегатты Камбар-Ата-1 ГЭСин иштетип баштагандан кийин гана коюуга болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости