www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким билсин, балким баары мыйзамдын чегинде, ырааты менен куюлушуп бараткандыр, мүмкүн ...Кандайынан албайлы, бир жагынан  “аскер прокуратурасы АШанын кылмыш иштерин сотко чейинки териштирүүсүн кылдат жүргүзүп, үч депутат (К.Исаев башында турган) анын Түркиядагы, Орусиядагы, дегеле чет мамлекеттердеги байлыктарын тактап келишет” деген маалымат тараса, экинчи жагынан, тагыраагы” Кой-Таштан” партизандык кыймыл күчөп, букалар союлуп, арактар төгүлүп-чачылып, ага тоюп алышкан соң “Форумга” жетип барышып,  бийликтин үстүнөн жугундуну өлө куйушуп, арасындагы бир партизан сөрөйү “Манасты кыргыздар өлтүргөнсүңөр” дегенге чейин жетип “катта концерт” коюшкандыгы, анан бат эле айный түшүшүп, качып жоголгону, Раиса жеңебиз “гигиенаны” этеп, тазалыкты шылтоолоп жармысын кууп салганы, АШАнын булдур-чулдур тиленен жаралган “балптары” тууралуу икаялар айтылып келет.

Эки тарап тең жадашты, чарчашты дейин десек,  жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, АШАчыл партизандар “тыныгуу” алыкшанын, бир аздан кийин алдынан кезиккендин  энесинин Үч-Коргонун көрсөтө турганын жар да кылып ийүүгө үлгүрүштү.

Ушу тапта  А.Мадумаров баштаган  үчүнчү бир күчтөр башын кылтыйтышып” элдешүү”, “жарашуу” тууралуу “1001 түн “жомогун токуп киришти.

Кызык, жарашышабы, элдешишеби... ал өздөрүнүн досчулук мамилесинен эле да.. анын элге эмне кереги бар же башына карга чычып кетмек беле...Жаман жери ушундай дөөдүрөк ойго кошулгандардын  да чыгып жатканында...АШАнын итчиликтен өткөн саясатын өз көздөрү, териси менен көрүп, сезип турушуп эле кайрадан....ыйлайын деп барып күлүп да ийесиң....

Биринчиден, АШАны эч ким  Кой-Таштагы хан сарайын түрмөгө айлантып ал деп кыстабады, экинчиден, “саясий өлүккө” айланып кет”, деп кимиси кара дуба окуду..Эч ким....

Эң кызыгы, аскер прокуратурасы чакыруу кагазын берген күнү (жакын арада болот сыягы) “дураку закон не писан” деп туруп , ыштанынын чөнтөгүнөн атайын “ысправкесин” сууруп чыкса не болот? 

Себеби, анын Советтик Армиянын катарына чакырылбаганы, дегеле Жазуучулар дүйнөсүнөн алынган маалыматтарга караганда (ошол чөйрөдө  аралашып жүргөн) ушул чындыкка жакыныраак маалыматтай.

Балким ушул “ысправке” АШАны сактап калар... башка эч ким.. партизандары да, “достору”, башкалары да эми сактай албайт...Ошон үчүн АША беймарал...партизандык кыймылды башкарып жүрү... ушуну билгендей аскерге такыр барбаса да “запастагы полковниктикти” алып койгон экен..”на всякий случай” деп....

Анаркан Чолпонова, “Кабаринфо”

Последние новости