www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл алган деп эсептеп, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын айтты.

"Биринчиден Атамбаев чакырууну жеке өзү колуна алган жок. Мага белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, чакыруу экс-президенттин партиялаштарынын бирине тапшырылган. Бул дагы мыйзам бузуу. Бирок эң негизги мыйзам бузуу, кол тийбестик иммунитетке ээ кишиге чакыруу жибергенинде. Мыйзамга ылайык парламент иштеп жаткан президентке айып коюп, анын ээлеп турган кызматы тууралуу маселе көтөрө алат. Бирок экс-президентти статусунан ажыратуу укугуна ээ эмес. Парламенттин токтомунун эч кандай юридикалык күчү жок болгондуктан экс-президент суракка барган жок".

Адвокаттын айтымында, эми алар Ички иштер министрлигине кат жолдоп, экс-президенттин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерин сактоого чакырганы жатышат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевди күбө катары бүгүн эрте мененки убакытка суракка чакырган. Атамбаев ага коюлган күнөөлөрдү "ойдон чыгарылган, жөөлүгөн калжырактык" деп атап келүүдө.

"ИИМге эмнеге барышым керек. Мага кагаздар келип жатат, бирок мен аларды кармаган дагы жокмун. Адвокатым бул боюнча иш алып барууда. Бул оюн экенин көрүп турабыз. Бийлик укуктук талаадан чыгып кетти. Укуктун, мыйзамдын жыты дагы жок. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек эле. Өлкөдө экс-президентке карата ушунча мыйзам бузуулар катталып, укугу тебеленип жатат. Ал эми жөнөкөй элди айтпай эле коеюн",- деди Атамбаев  кайрылуусунда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости