www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Путин досум деп кайсы жолугушууда болбосун элдин кыжырын кайнатып мойнунан кучактап асыла бергенинин пайдасы: Кыргызгазды 1 сомго карматтыбы? Карматты! Жогорку Нарын каскадын Путин куруп берет деди беле? Анан эмне болду? Орустар курмак турсун, ал жакка кеткен 37 млн долларды төлөгүлө деп жатат. Коңшулар менен да мамилени бузду? Каримовдун өлгөнүн күтөбүз дей коюп, Өзбекстан менен мамиле бузулуп, анын азабын баягы эле жөнөкөй карапайым калк тарткан. Ош шаары жарым жылча ГАЗсыз калганы аз келгенсип, товар алака кылган дыйкандар, Кара суу базарындагы соодагерлер жапа чеккен. “Балп этмесин” тыя албаган Атамбаев болсо Назарбаевди чал дей коюп, Казактар бул жагынан чек арасын жаап миңдеген КАМАЗдар өтө албай бир топ кыйынчылык жаралган. Кытай менен болсо кредит алып достошкону курусун. 2 миллиардга жакын доллар карызды эки пайыздык үстөк менен алып, аны максаттуу пайдаланбай эми анын азабын жалпы Кыргыз эли көрүп отурат.

Эми айткылачы... Атамбаев кайсы арына эл аралык мамилени оңдоду, кайсыны мыкты кылды... Жалдырама кылып туруп басып кете берди!

Маалымат Сила в Правде Facebook баракчасынан алынды

Последние новости