www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев акылдуу сүйлөп, элге жакшы таасир калтырууга аракет кылып, узак убакытка өз телеканалына маек берип, эл алдында актанууга аракет кылды. Айрым жеринен кейимиш, өкүнүмүш болду. Көп учурда пендечиликке алдырганын моюнуна алгансыды. Бирок, анын ал актануусу, ак жеринен камалып, жок жерден запкы тарткан адамдардын алдында эч нерсеге арзыбай деле калды. Анткени, Атамбаев президент болгондо көп кишинин убалына калды.

Канча адамдарды боздотту. Каяша сүйлөп же сындаган адамдарды камап, түрмөнү толтурду. Көп учурда адамгерчиликтен алыс болду. Көп адамдын убалына калды. Адилеттүүлүктөн алыс болду. Саясатчылардын өздөрүн эле эмес, аталарынын жакындарынын жүрөгүнө кошо канжар сайды. Нариманды камады эле акылы тетик кайраттуу атасы каза болду.

Садыр Жапаровду камап, мойнун кестирип өлтүрүп коё жаздатып, тирүүлүктүн тозогуна салдырганын 80 ден ашкан Нуркожо аксакал көтөрө алган жок. Баласын бир көрүүгө зар болуп, Садыр, Садыр деп өлүп кете берди. Башкасын айтпаганда дагы ушул эки аксакалдын убалы уктатпайт. Анткени, баарынан да адамдын убалы жаман деген кеп бар кыргызда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости