www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Жалил Атамбаев деген «көпөс» бар. Укук коргоо органдары, мамлекеттик кызматтын баары Жалилдин алдында тизе бүгүп, айтканын айткандай аткараары көптөн бери эле сөз болуп келе жатат. Мындан улам, Жалилдин күргүштөп киреше тапкан фирмалары мамлекетке бир сом салык төлөбөй турганы маалым болду.

Алсак, Жалил Атамбаевдин ОсОО «Агро Доор» деген фирмасы 2015-жылы 34 миллион 493 миң 767 сом оборот кылып, киреше салыгына бир тыйын да төлөгөн эмес. 2016-жылы 498 миллион 389 миң 519 сом оборот кылып, киреше салыгына 1 сом да төлөгөн эмес. 2017-жылы 1 миллиард 486 миллион 739 миң 312 сом оборот кылып, Ош шаарына киреше салыгына төлегөн эмес. ОсОО «ЖБК строй» деген фирмасы 2015-жылы 164 миллион 289 миң 622 миң сом оборот кылып, киреше салыкка болгону 25 миң 586 сом төлөптүр. 2016-жылы 521 миң 129 миң сом оборот кылып, киреше салыкка 1000 сом гана төлөгөн. ОсОО «Айтук строй» 2017-жылы 37 миллион 456 миң 225 сом оборот кылып, киреше салыгына 0 сом төлөгөн. ОсОО «ППА» деп аталган фирмасы да 2015-жылы 232 миллион153 миң 348 сом оборот кылып, киреше салыгына 27 миң 812 сом гана төлөгөн. 2016-жылы 302 миллион 665 миң 239 сом оборот кылып, киреше салыкка 70 миң 102 сом төлөгөн. 2017-жылы 277 миллион 424 сом оборот кылып, бул жылы эч нерсе төккөн эмес. «Ормош Ойл» деген да фирмасы бар. Ал фирма 2017-жылы 205 миллион 711 миң 513 сом оборот кылып, мунусу дагы киреше көрбөгөнүн көрсөткөн.

Булак: "Фабула"

Последние новости