www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаев СИЗОнун башчысына ооруп жатканы боюнча кат түрүндө да, оозеки да кайрылган эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
"Канат Сагынбаев СИЗОнун башчысына кат түрүндө да, оозеки да кайрылган эмес. Соттук процесске чыгардын алдында соттолуучуларды медицина кызматкерлери текшеришет. Эгерде анын дене табы жогору болсо же бир жери ооруп жатса аны процесске чыгарбайт эле", - деп айтылат ЖАМКтын маалыматында. ЖАМКнын басма сөзү кененирээк кабар дагы бериле турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Канат Сагынбаев менен бирге камерада 13 киши бар.
Эске салсак, бүгүн, 11-майдагы Койташтагы окуяга байланыштуу соттук отурум өтүп жаткан учурда КСДП партиясынын мүчөсү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин мурдагы жансакчыларынын биринде коронавирус бар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.
Булак: NazarNews.org