www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Койташ окуясына байланыштуу сот иши каралды.
Иштин катышуучуларынын бири Кундуз Жолдубаева, СИЗО-1де коронавирус бар болушу мүмкүндүгүн айтты.
"Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда Канат Сагынбаев ооруп жаткандыгын билдирди. Анда COVID-19 илдетинин белгилери бар болчу. Сагынбаев 3 күн мурун СИЗО-1дин жетекчилигине кат жолдогон, бирок эч кандай иш-аракет болгон жок.
Буга байланыштуу биз тез аранын ичинде тиешелүү чаралар көрүлүп, абактагы адамдарды коронавируска карата текшерүүнү талап кылабыз. Эгерде факты аныкталса, ЖАМКтын жетекчилигине ооруну жашыргандыгы үчүн чара көрүү керек. Бул кылмыш", - деп жазган Жолдубаева.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев СИЗО-1дин кызматкеринен илдет аныкталганын айтканы менен ЖАМК аны четке каккан.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралды.
Бүгүнкү соттук отурумга бардык катышуучулар келишти.
Сот отурумунун башталышында айыпталуучу Р.Карыпбек уулунун жактоочусу Б.Сатыбалдыев иштин материалдары менен таанышууга убакыт берүү жөнүндө өтүнүч келтирди.
Сот сот отурумунун катышуучуларынын ойлорун угуп, аталган өтүнүчтү канааттандырды жана соттук териштирүү 2020-жылдын 18-май күнүнө саат 10:00гө жылдырылды.
Булак: NazarNews.org